14:31
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Көчмөндөр оюндары — 2024: Татар күрөшү боюнча курама команда 3 медаль жеңди

Кыргыз Республикасынын татар күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстан Республикасынын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында 3 медаль (1 алтын, 2 коло) жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Манас Үсөнов 75 кг чейинки салмак категориясында V Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын чемпиону болду. Марлен Абдрасулов (65 кг) жана Муктарбек Мунарбеков (90 кг) коло медалга ээ болушту.

Курама команда машыктыруучу Жеңишбек Токтоназаров, Афтандил Анарбаев жана Алимбек Абдыжапаровдун жетекчилиги астында мелдешке катышты.

Эске сала кетсек, V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Астанада 9-14-сентябрь күндөрү өтүп жатат. 100дөн ашык мамлекет жана 4 миңдей адам катышып жатат. Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын атынан 282 спортчу катышууда. Алар оюндардын программасына кирген спорттун бардык түрлөрү боюнча күч сынашат

Эң көп окулган жаңылыктар