14:28
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Көчмөндөр оюндары −2024: Көкпар оюнунда кыргыз курамасы Казакстанга жеңилди

Бүгүн, 12-сентябрда Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкпар (жер улак) командасы финалда Казакстандын командасына утулуп калды.

Жыйынтыктоочу эсеп 5:4 атаандаштардын пайдасына чечилди. Ал эми жеңүүчү кошумча убакытта гана белгилүү болду.

Ошентип, Кыргызстандын командасы күмүш медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, биринчи таймда кыргызстандыктардын дарбазасынан кийинки мушташтан улам беттеш 30 мүнөттөн ашык токтоп калган.

Коло байгени үчүнчү орун үчүн болгон беттеште Түркияны 8:2 эсебинде жеңген Орусиядан келген спортчулар алды. Оюндардын алкагында көкпар боюнча тогуз команда катышты.

Белгилей кетсек, бүгүн көк бөрү боюнча мелдештин финалында Кыргызстан менен Казакстандын командалары да беттешет.

Эң көп окулган жаңылыктар