14:31
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Көчмөндөр оюндары — 2024: Кыргыз көкбөрүчүлөрү финалда Казакстан менен беттешет

Бүгүн, 12-сентбрда Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана жер улак (көк пар) боюнча финалдык оюндар болот. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын көк бөрү жана көк пар курама командалары финалдык беттеште Казакстандын курамалары менен ойнойт.

Көк-бөрү боюнча оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 17:30 да башталат. Ал эми жер улак (көк пар) беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 12:30да башталат.

Эске салсак, Кыргызстандын көкпар командасы 10-сентябрдагы жарым финалдык беттеште Түркиянын командасын 15:1 эсебинде жеңди. Казакстан курамасы 11-сентябрдагы жарым финалдык беттеште Орусия курамасын 18:2 эсебинде жеңип, финалга чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар