22:32
USD 87.00
EUR 90.59
RUB 0.87

Аталар күнүн жана энелер күнүн белгилөө мыйзамына президент кол койду

Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө» Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен жыл сайын белгиленүүчү аталар күнү (15-март) жана энелер күнү (майдын үчүнчү жекшембиси) белгиленет.

Мыйзам үй-бүлө институтун бекемдөөгө, ошондой эле коомдун өнүгүшүнө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанууга багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар