Өзбекстандын Silk Avia авиакомпаниясы Ташкент — Тамчы — Ташкент багыты боюнча Ысык-Көл облусуна биринчи эл аралык каттамын ишке киргизет. Бул тууралуу авиакомпания билдирди.
Белгиленгендей, 16-июндан баштап Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү каттамдар аткарылат.
Кийинчерээк каттамдардын санын көбөйтүү пландаштырылууда.
- Ташкенттен саат 9.30да учат, Ташкенттин убактысы боюнча;
- Тамчыга саат 12.35те конот, Тамчынын убактысы боюнча;
- Тамчыдан саат 13.35те учат, Тамчынын убактысы боюнча;
- Ташкентке саат 14.50дө конот, Ташкенттин убактысы боюнча.
Ташкенттен авиабилеттердин баасы 1 миллион 240 миң 368 сум (98 доллар), ал эми Ысык-Көлгө жана кайрадан артка 2 миллион 481 миң сум (196 доллар) болот.