09:04
USD 87.00
EUR 90.59
RUB 0.86

Садыр Жапаров: Баары өз жазасын сөзсүз алышат

Президент Садыр Жапаров 17-18-майда Бишкекте болгон окуяга байланыштуу кайрылуу жасады.

Анын айтымында, күч органдары өз маалында чара көрүп, жүргүзүп жаткан иштерин өз маалында коомчулукка чыгарганда, балким, мындай болбойт эле.

«Биздин Ички иштер министрлигибиз 13-майда болгон окуянын себепкерлерин кармап, ыкчам аракеттерди жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү камап жаткан. Бирок, тилекке каршы, бул кырдаалды башка күчтөр, жагдайды курчутууга кызыкдар тараптар пайдаланып кетүүгө үлгүрүштү. Биздин патриот жаштарыбыздын чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясын токтотуу, мындай иштерге жол бергендерге катуу чара көрүү сыяктуу талаптары, албетте, туура. Ал талаптарды бул окуяда эле эмес, буга чейин да коюп келе жаткансыздар.

Тиешелүү мамлекеттик мекемелер бул маселелерге анализ жүргүзүп, тиешелүү иш жүргүзө баштаганын дагы билесиздер. Буга чейин эле УКМК, ИИМ тарабынан мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарды аныктоо иштери жүрүп жаткан. Бирок, жогоруда белгилегенимдей, интернет желесине эмне чыкса, ошого ишенип, тең салмактап, талдоо жүргүзө албай, ортодо чагымчылдардын намысты козгогон азгырыктарына жетеленип, куттуу өлкөбүздүн, өнүгүү жолуна багыт алган мамлекетибиздин, эзелтен келаткан меймандос элибиздин кадыр-баркына шек келтирдиңер. Бул өтө өкүнүчтүү!», — деди ал.

Ал карактоо аракетин кылган бирин-экин ээн баштардын, алардын мындай аракетин көбүртүп-жабыртып, чоң чууга айлантууну көксөгөн чагымчылдардын арам ойлорун ишке ашырууга жол бербей турганын кошумчалады.

«13-майдагы окуя иликтенип, күнөөлүүлөр кармалып, териштирүү иштери жүрүп жатканда, ал окуя тууралуу видео 18-майда интернетке жүктөлүп, биздин кызуу кандуу жаштарыбыздын канын кызытууга кошумча от жаккан, ортого чагым салган, куру намысты козгогон интернет посттор менен коштолду», — деди Садыр Жапаров.

Буга бийликке жетпей калгандар, коррупцияга каршы күрөштү жактырбагандар, түрмөдө жаткан саясатчылар атайын WhatsApp группаларды, фейк аккаунттарды түзүп алышып, чагым салган маалыматтарды таратышканын ачык айтып коёюн. 

Садыр Жапаров

 «Ошентсе да, 18-май түнү чыккан жаштарды токтотууга аракеттер көрүлүп, ар кандай агрессияга алдырып, мындан да жаман окуялардын чыгып кетишине жол берилген жок. Ошондой эле биздин кызуу кандуу жаштарыбызга күч колдонуп таркатуу да болгон жок, аны да билесиздер», — деп белгиледи ал.

Президент ошол күнү чогулган жаштарга карата күч колдонулбаганын билдирди. Анын айтымында, алардын арасында курал алып, окуяны күтүүсүз башаламандыктарга айлантууну эңсегендер жүргөнү тууралуу ыкчам маалыматтар бар болчу.

«Милиция кызматкерлери элди күч менен тарата баштаганда: «Мына биздин бийлик кыргыз балдарды коргогондун ордуна, тескерисинче, тигилерге болушуп, өз элин кордой баштады» деп, адаттагыдай эле ошол жерден видеокайрылууларды таратып, масштабдуу көтөрүлүшкө чакырабыз деген блогер сымал жана ниети бузуктар элдин арасында даяр турушту. Андай өтө кооптуу жагдайларды биздин патриотпуз деген кызуу кандуу жаштарыбыз билген жок. Жаштар эле эмес, жалпы эл деле «ии, чын эле» деп ишенип алышмак.

Ошондуктан күч органдарына «окуяны толук көзөмөлдөп, жаштарга түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп, кырдаалды кагылышуусуз турукташтырууга аракет кылгыла» деген буйрук берип турдум. Эгер мародерчулукка барса, милиция тарапка чабуул жасаса, же жатаканалардагы студенттерге кол сала баштаса, анда аёосуз чараларды көрөт элек. Бактыбызга жараша андай болгон жок», — деп айтты Садыр Жапаров.

Ал баары өз жазасын сөзсүз аларын белгиледи.

Эң алды жаштарыбызды сабырдуулукка, ар кандай азгырыктарга алдырбоого чакыраар элем. Ал эми кызуу кандуу жаштарыбызды колдонуп, алардын ар-намысын козгоо менен көпчүлүк массаны көчөгө алып чыгып, кечээгидей окуяларды чыгарып, арам ойлорун ишке ашырам дегендерге катуу чаралар көрүлөт.  

Садыр Жапаров

 «Мен мындай бузукулардын жакындары эртең чыгып: «Мына бийлик өз элине каршы күч колдонуп, балдарыбызды камай баштады» деп бет тырмарлык кылып, ач айкырык салып чыгышаарын да билем. Бирок өлкө тагдырын ишенип тапшырган жалпы элдин тынчтыгы, биримдиги, өлкөнүн кадыр-баркы, өнүгүүбүз мындай бир ууч «кумалактардан» алда канча жогору турарын баса белгилеймин», — деди ал.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Кыргызстанда иштеп жаткан эмгек мигранттарынын саны болгону 5 миң 322 адамды түзөрүн, чет өлкөлөрдөн келип окуп жаткан студенттердин саны 42 миң 620 адам экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, Бишкекте 17-майда кечинде башталган чет элдиктерге каршы нааразылык акциясы 18-майдын таңында гана аяктаган. Милиция акциянын катышуучулары менен макулдашууга жетишип, Чүй проспектиси ачылган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, башаламандык учурунда 41 адам жабыркаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG