Бишкекте бомба коюлганы тууралуу маалыматтан улам №33 жана 89 мектептин мугалимдери жана окуучулары эвакуацияланды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти.
Буга чейин №67 мектеп дагы ушундай эле себеп менен эвакуацияланган.
Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат. Бардык окуучулар жана мугалимдер имараттардан чыгарылды.
Кыргыз-Орус Славян университетине дагы жардыргыч зат орнотулду деген маалымат түшкөнү кабарланууда.
Өткөн жумада, 15-декабрда, бир нече сот мекемелери, мейманканалар жана ресторандар эвакуацияланган. 13-декабрда милицияга бир катар имаратка, атап айтканда, № 18, 31, 42, 48, 69, 72, 80 мектептерине, «Остров знаний» бала бакчасына, № 3 төрөт үйүнө, № 2 ооруканасына, «ГУМ» жана Bishkek Park соода борборлоруна бомба коюлду делген маалыматтар түшкөн.