USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Бишкекте «Ожак кебап» кафеси бузулуп жатат

14:45, 24 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекте «Ожак кебап» кафеси бузулуп жатат. Маалыматты 24.kg агенттигине вице-мэр Нурдан Орунтаев тастыктады.

Анын айтымында, кафенин ижара мөөнөтү бүтүп, муниципалитет аны узартпоону чечкен, анткени бул тилкеде тротуарды кеңейтүү, ошондой эле жер астындагы же жер үстүндөгү өтмөк куруу пландары бар.

«Мындан тышкары имараттын кожоюндары аны кайра субижарага берип, айына 7 миң доллар алып турушкан. Ал эми шаардын бюджетине жылына 100 миң сом төгүшчү», — деп кошумчалады Нурдан Орунтаев.

Мэриядан кафенин жеңил конструкциялардан салынган бөлүгү бузулуп жатканын билдиришти. Жер тилкесин берүү боюнча келишим Свердлов райондук прокуратурасынын буйругу жана муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин чечими менен бузулууда. 0,029 гектар муниципалдык аймак бошотулат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18