13:01
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Геологиялык чалгындоо жана материалдык базасын чыңдоого 1 миллиард сом бөлүнөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз геология кызматынын 85 жылдык мааракесине катышып, геология кызматкерлерин, ардагерлерди жана салтанаттуу аземдин конокторун куттуктады.

Анда минкаб төрагасы геология өлкөнүн экономикалык жана экологиялык өнүгүүсүндө маанилүү роль ойноорун, аны менен бирге тоо кен тармагы бюджет түзүүчү өзөктүү эң ири тармак экенин билдирди.

«Геологдордун бир нече муундарынын гиганттык эмгегинин натыйжасында Кыргызстандын аймагында 15 миңден ашуун пайдалуу кендер табылган жана анын 500дө деталдуу изилдөөлөр жүргөн. Бүгүнкү күндө 345 кен мамлекеттик баланстын запасында турат», — деди Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров ошондой эле тоо кен тармагындагы жүргүзүлүп жаткан жумуштардын натыйжасында «бюжетке миллиарддаган киреше» түшүп, ички дүң өндүрүмдүн көлөмүндө «триллион» деген сан пайда болгонун кошумчалады.

«Азыркы күндө өлкөдө отун-энергетикалык ресурстары боюнча —26 кен бар, кымбат баалуу металлдар боюнча — 60, түстүү жана сейрек металлдар боюнча — 36, гипс, сары таш, туз ж.б. ушул сыяктуу рудалык эмес — 38, курулуш материалдары боюнча 199 жерде материал алынат. «Жалал-Абад», «Ысык-Ата», «Арашан» сыяктуу 15тен ашуун минералдык суу кендерибиз бар. Булар мамлекетке миллиарддаган кирешелерди берип жатат, ал эми ИДӨнүн көлөмү 1 триллиондон ашты», — деди ал.

Белгилей кетсек, маселен тоо кен тармагы 2020-жылы 18,2 миллиард сом киреше берсе, 2022-жылы 48,4 миллиард сом киреше берген, бул 2 жарым эсеге көп.

«Ал эми Кумтөргө токтолсом, чындыгында Кумтөр экономиканын локомотиви, сыймыгы. Бийликтин ниети таза болгону үчүн азыр Улуттук банкта 50 тоннадан ашуун алтыныбыз турат — бул туруктуулук. Азыркы геосаясий жана экономикалык агымдардын өзгөрүп жаткан доорунда биздин өлкөнүн келечегине стабилдүү өнүгүүнү берет» — деди минкаб төрагасы.

Ал өз сөзүн жыйынтыктап жатып, президент 2024-жылдын бюджетине «Кыргыз геология» мамлекеттик ишканасына 1 миллиард сом бөлүү тапшырмасын бергенин айтып, ошондой эле геолог-академик У. Асаналиев атындагы тоо-кен институтуна тоо-кен тармагындагы кадрларды көбүрөөк даярдоону кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар