05:00
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө 673 миллион сом каражат бөлүндү

Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө 673 млн 515 миң бюджеттик каражат бөлүндү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекет башчысы «Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө» жарлыкка кол коюп, ага ылайык министрлер кабинетине көрсөтүлгөн каражатты бөлүү тапшырылган.

Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражаттар тарыхый-маданий мурастарды сактоого жана өнүктүрүүгө, профессионалдык искусствону өнүктүрүүгө, маданият жана искусство уюмдарынын кадрдык потенциалын жана материалдык-техникалык базасын чыңдоого, маданият чөйрөсүнүн ченемдик укуктук базасын өркүндөтүүгө багытталат.

2022-жылдын маданият тармагынын кызматкерлеринин эмгек маянасы дээрлик 100 пайызга көбөйтүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар