15:20
USD 89.43
EUR 97.22
RUB 0.97

Оштогу «Ынтымак» телеканалы жабылышы мүмкүн

Оштогу «Ынтымак» телеканалы жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Депутаттын айтымында, телеканалдын кызматкерлери айлыгын ала албай жатышат.

«Телеканалда кыргыздар, өзбөктөр иштешет. Учурда аны жабуу боюнча маселе көтөрүлүп жатыптыр. Эки айдан бери жетекчиси жок», — дейт Тазабек Икрамов.

Телеканал 2010-жылдагы Ош коогалаңынан кийин ачылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
23-февраль, жума
22-февраль, бейшемби