22:25
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев элдешти

Мурдакы президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев элдешти. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, мурдакы жетекчилердин жолугушуусу 17-февралдагы Дубайдагы жолугушууга чейин өткөн.

«Баарын Дубайга чогултардан мурда Бишкекте Сооронбай Шарипович менен Алмазбек Шаршеновичти бир столго олтургузуп, экөөнү элдештиргенбиз. Экөө элдешип, бири-бирин кечиришип тараган», — дейт ал.

Алмазбек Атамбаевге сот 14-февраль күнү баш коргоо чарасын өзгөртүп, чет өлкөдө дарыланууга уруксат берген.

Эң көп окулган жаңылыктар