01:41
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Өспүрүмдөрдү чет өлкөгө алып кетүүгө жардамдашкан нотариус кармалды

Базар-Коргон нотариалдык округунун мурдагы жеке нотариусу нотариалдык документтерди мыйзамсыз даярдоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка карагана, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мурдагы жеке нотариусу С.У.Р. нотариалдык документтерди мыйзамсыз даярдоо жана жасалмалоого айыпталууда.

«Чет элдик паспорт алуу үчүн нотариалдык документтерди мыйзамсыз каттоого жана берүүгө, андан кийин ата-энесинин макулдугусуз жашы жете элек балдарды өлкөдөн алып чыгууга авиакассалардын, адвокатуралардын жана жеке нотариустардын айрым кызматкерлеринин тиешеси бар экендиги аныкталды», — дейт УКМК.

Эң көп окулган жаңылыктар