12:57
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Президенттин иш башкаруучусу парламентке чакыртылды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов Президенттин иш башкаруучусунун орун басары Э.В.Усенованы кызматтан алууну сунуштады. Анын айтымында, эл өкүлү Өмүрбек Бакировго жасалган мамиле көз жаздымда калбашы керек.

«Кыргыз элим бар болсун, оозу-мурду жок болсун дегенге баратабызбы? Депутаттын статусу тууралуу мыйзамда, эл өкүлүнө тиешелүү турак жай, кызматтык үй, жеке транспорттук каражаттары, документтери тинтилбейт, текшерилбейт, деп жазылып турат. Иш башкармалык депутатка кат жөнөткөндөн кийин күтүшү керек эле, парламентарийдин бардык буюмдарын эшикке таштап коюшту. Башка иш бөлмө беришкен жок», — деди депутат Тазабек Икрамов.

Аны Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров дагы колдоп, бүгүн тийиштүү адамдар келип маалымат берүүсүн талап кылды.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Президенттин иш башкаруучусун отурумга чакырууну тапшырды.

Эскерте кетсек, өткөн жумада депутат Өмүрбек Бакиров жетинчи кабаттагы № 705 иш бөлмөсүнөн чыгарылган. Иш башкаруучунун орун басарынын колу коюлган катта, депутатка башка бөлмө берилери жазылган. Андан бир күн мурда болсо, Өмүрбек Бакиров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жалпы жыйында айтыша кетишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар