07:30
USD 86.88
EUR 99.90
RUB 1.09

Иш бөлмө чатагы. Депутат Кыргызстан дүйнөгө уят болуп жатканын айтты

Депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсү боюнча маселеге байланыштуу парламенттин отурумуна чакырылган Президенттин иш башкаруучусу келген жок. Буга бир нече депутат нааразычылыгын билдиришип, эл өкүлүнө кабинетин кайтарууну талап кылышты.

«Депутаттын иш бөлмөдөн чыгарылышына укуктук баа берилиши керек. Эртеден бери иш башкармылыктан бирөө келип жооп берсин деп чакырып жатабыз, бири дагы басып келген жок. Демек, алар мыйзамсыз иш алып барып жатканын билишет. Биз бүгүн бир депутатты кабинетинен кууп чыксак, эртең басмырлоонун астында басылып, тизебиз бүгүлүп, көзүбүз оюлуп, колубуз сынып, тишибиз күбүлүп парламент деген атты түпкүлүккө алып барып тыгып коебуз. Урматтуу депутаттар, кайдыгер болбойлу!» —деди депутат Мирлан Самыйкожо

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев болсо, Өмүрбек Бакировду иш бөлмөсүн колдоно берүүгө чакырды.

«Депутаттар буга чейин баарыңыздарга кабинет бөлүнүп берилген. А силер отурган иш бөлмөңөрдү эмнеге берип коесуңар? Иш башкармалык келип кубаласа эле чыгып кетесиңерби? Азыр кантип бул маселени добушка коем. Кабинет өзүңүздүкүбү, барып отура бериңиз», — деди Төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев.

Иш башкармалыктан парламенттин отурумуна эч ким келбегендиктен, Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов иш башкаруучунун орун басары жөнөткөн катты окуп берди.

«Ишти ирилештирүү максатында 7-кабатка фракция лидерлерин отургузуу үчүн Өмүрбек Бакировго берилген № 705-иш бөлмөсү алынып, эл өкүлүнө 6-кабаттагы 637-кабинет сунушталган. Бирок депутат жана анын жардамчылары кабыл алуудан баш тартууда. Учурунда иш бөлмөлөр туура эмес бөлүштүрүлүп кеткени боюнча маселе көптөн бери көтөрүлүүдө», — деп жазылган катта.

Депутат Дастан Бекешев мындай маселе келип чыгышына эл өкүлдөрү өздөрү күнөөлүү экенин эскертти.

«Баарын Президенттин иш башкармасына өз колубуз менен өткөрүп бергенбиз. Азыр бул жактан отургучтарды, столду, компьютерлерди деле алып кетсе болот. Учурунда ушуну айтсам, укпай койгонсуңар. Мына, жыйынтыгы. Жогорку Кеңештин өзүнүн иш башкармасы болушу керек», — деди депутат Дастан Бекешев.

Эл өкүлү Сүйүн Өмүрзаков акыркы убактагы окуялар Кыргызстанды дүйнөгө уят кылып жатканын билдирди.

«Депутаттын мүлктөрүн чыгарып койгону эмне деген окуя? Мына АКШда иш сапары менен жүрдүк. Өзбекстандан, Азербайжандан эл өкүлдөрү болду. Баары Кыргызстанда эмне болуп жатканын карап турушат экен. Биз ошол жакта жүргөндө ушул нерсе болду. Бизди карап мыйыгынан күлүп жатышты. Кыргызстан дүйнөгө уят болуп жатат. Акыркы күндөрү башка өлкөлөр биздеги окуяларга көз салууда. Ушуну кылгандар, буйрук бергендер мыйзам алдында жооп берсин!» — деди депутат Сүйүн Өмүрзаков.

«Элдик» депутаттык тобу Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышын иликтөө үчүн парламенттик комиссия түзүүнү демилгеледи. Бул маселеге эл өкүлдөрү эртең кайрылмай болушту.

Эң көп окулган жаңылыктар