20:53
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Рим папасы Франциск сентябрда Казакстанга барат

Рим папасы Франциск Дүйнөлүк жана салттуу диндердин VII конгрессине катышуу үчүн Казакстанга барат. Иш-чара 13-15-сентябрь күндөрү Нур-Султан шаарында өтөт.

Конгресстин жүрүшүндө Рим папасы Орус православ чиркөөсүнүн патриархы Кирилл менен жолугууга ниеттенип жатат.

Буга чейин Франциск Орусиянын Украинага кол салуусун айыптаган. 16-мартта ал патриарх Кирилл менен видеобайланыш аркылуу 20 мүнөт сүйлөшкөн. Анда алар бир пикирге келе алышкан эмес. Рим папасы италиялык Corriere della sera гезитине берген маегинде патриарх Кирилл «кагаздан окуп, согушту актаган аргументтерди келтиргенин» билдирген.

Францисктин айтымында, ал патриархтын аргументтерине төмөндөгүдөй деп жооп берген: «Биз мамлекеттик чиновник эмеспиз, биз саясаттын тилин эмес, Иисустун гана тилин пайдалана алабыз. Бул үчүн биз тынчтыктын жолун издешибиз керек».

Рим папасы сүйлөшүүлөрдөн кийин «пессимисттик маанайда калганын, бирок согушту токтотуу үчүн колдон келген бардык нерсени кылуу керектигин» белгилеген.

Рим папасынын бул маегинен кийин Кирилл Францискти «анын сөздөрүн бурмалоого» айыптаган билдирүү жасаган.

Дүйнөлүк жана салттуу диндердин конгресси Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан 19 жыл мурда негизделип, ар үч жыл сайын өткөрүлүп турат. Ал диндер аралык байланышты кеңейтүүгө багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар