15:59
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

COVID-19. Бир суткада 78 кишиден вирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 5-ноябрга карата коронавирус дагы 78 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 23, Чүй облусунда — 22, Ош облусунда — 1, Талас облусунда −5, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда — 5 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 72 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 28, Чүй облусунда — 27, Ош облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 889 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 808 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 642 бейтап, амбулатордук түрдө 798 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 668 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 25 киши айыгып чыкса, 2 миң 681 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар