15:32
USD 89.41
EUR 96.91
RUB 0.97

Айрым райондордо газ да өчүрүлөт

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Бишкек шаарындагы филиалынын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 2-5-ноябрына чейин Биринчи май районунун айрым көчөлөрүндө убактылуу газ болбойт.

Ю.Фучик, Ленская жана Сергей Лазо көчөлөрү менен чектелген аймакта 20 абонент убактылуу көгүлтүр отунсуз калат.

Ленская көчөсү, 50 дарегиндеги жер үстүндөгү газ түтүгүнүн бир бөлүгүнүн кесилишине байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Эң көп окулган жаңылыктар