11:21
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү көбөйүүдө

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 630 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бүгүн, 23-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 630 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 656 метр куб, агып чыгышы 451 метр кубду түзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Өткөн жылы бул мезгилде суу сактагычта 13 миллиард 834 миллион метр куб суу болгон.


Эң көп окулган жаңылыктар