20:28
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

COVID-19. 118 кызматынын операторлорунун саны көбөйтүлдү

Ыкчам түрдө 118 ыкчам байланыш кызматынын операторлорунун саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

118 кызматына иштөөгө үй-бүлөлүк медицина борборлорунун тажрыйбалуу адистери, КММАнын ординатор жана жогорку курстагы студенттери тартылды.

«Даярдыктарды көрүү иш-чараларынын алкагында COVID-19дун белгилери бар бейтаптарды маршрутизациялоо, маалыматтарды ыкчам түрдө мобилдик топторго жеткирүү механизмдери кошумча иштелип чыкты. 118 кызматынын милдеттери кеңейтилди. Эми кайрылуучулар онлайн сервистен тышкары, 118 кызматы аркылуу эмдөөдөн өтүүгө катталып, эмдөө процедурасына байланыштуу суроолоруна жооп ала алышат. Аталган кызматтын операторлору иш графигине ылайык ысык тамак-аш менен камсыз болушту. 118 кызматына тамак-ашты жеткирүүдө Кайрымдуулук гильдиясы көмөк көрсөтүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган иш-чаралар Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте коронавируска каршы Республикалык штабдын тапшырмасы боюнча БУУнун өнүктүрүү программасынын «Фонд Сорос Кыргызстан» менен өнөктөштүктө каржылык колдоосу астында жүргүзүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар