Бир суткада 67 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 43, Ош шаары — 3, Чүй облусу — 16, Ысык-Көл облусу — 4, Жалал-Абад облусу — 1 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкекте эки бейтап каза болду.
Март айынан бери 86 миң 917 киши вируска чалдыгын, 1 миң 483 бейтап көз жумду.