23:03
USD 86.77
EUR 93.69
RUB 1.03

Кыргызстанда үч айга жете турган гана кум шекер бар

Кыргызстанда үч айга жете турган гана кум шекер бар. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында айыл-чарба министринин милдетин аткаруучу Тилек Токтогазиев билдирди.

Анын айтымында, өлкө кум шекер менен өсүмдүк майынын запасы аз.

«Кайынды заводунда 18 миң тонна, фермерлерде 8 миң тоннадай гана кум шекер бар. Мындай дефициттин башкы бир себеби — контрабанда. Тажикстан менен Өзбекстанга ири өлчөмдө кум шекер ташылат. Өсүмдүк майдын калганы дагы беш айга жетет», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG