06:41
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Өткөн жылы Кыргызстанда 5 миң тонна балык өстүрүлдү

Балык өндүрүүчүлөрдүн 2020-жылдагы кирешеси 1 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Балык чарбасы департаментинин директору Эдил Ниязов билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылы Кыргызстанда 5 миң тонна балык өстүрүлдү.

«Ошондой эле өлкөбүздүн аймагына 4-5 миң тонна консерваланган жана океан балыгы алынып келинди», — деди ЭдилНиязов.

Ал акыркы жылдары республикабызда, айрыкча Чүй, Ысык-Көл облустарында балык чарбалары активдүү көбөйүп жатканын белгиледи. «Чүй облусунда 71, Ысык-Көл облусунда 18 балык чарбалары иштеп жатат», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар