11:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Улуттук банк үч апта катары менен тынбай доллар сатууда

Улуттук банк үч апта бою тындай доллар сатууда. Кечээ, 1-декабрда, 5 миллион 250 миң доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылат.

АКШ акчасынын курсу өзгөрүүсүз бойдон турат. 1 доллар сатыкта 84,9 сом, ал эми сатып алууда үч тыйынга өскөн (84,68).

Ноябрда Улуттук банк 11 ирет интервенция жасагап, $84 миллион 750 миң сатты. Биринчи жолу 12-ноябрда 26,8 миллион доллар сатылган. Мурунку жумаларда доллар күн сайын валюта рыногуна сатылып жаткан. Алсак, 16-20-ноябрь күндөрү беш күн тынбай, өткөн аптада 24-27-ноябрда төрт күн интервенция жасалган.

Эң көп окулган жаңылыктар