01:00
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кара-Суу «Мекеним Кыргызстанды» тандайт!

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын Ош облусундагы үгүт кербени Кара-Суу шаарында жыйынтыкталды. Партия талапкерлерин шайлоочулар жылуу тосуп алып, уюштуруучулардын санитардык талаптарды сактоо чакырыктарына карабай шаардык стадионго эл жыкжыйма толуп чыкты. Болжол менен жолугушууга беш миңден ашуун адам чогулду. Бул жерге Кара-Суу шаарынын эле эмес, ага жакын айыл өкмөттөрдүн эли да келди.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасындагы ар бир пункт кылдаттык менен иштелип чыккан. Тагыраагы, биз шайлоочуларга жөн гана куру сөздөрдү айтпай, реалдуу ишке аша турган программа менен тааныштырабыз. Биз саламаттыкты сактоо, билим берүү жана жарандарыбызды социалдык жактан коргоо системасын реформалоого жетишүү үчүн талыкпай иштөөгө даярбыз. Приоритеттүү багыттардын бири — айыл чарбасын өнүктүрүү. Андан сырткары, биздин катарда өз ишин мыкты билген күчтүү адистер, прогрессивдүү жаштар, ар кандай улуттагы жана идеяга бай, жаратман адамдар бар, алар өлкөбүздү өнүктүрүүгө болгон күч аракеттерин жумшайт«, — деди партиянын төрагасы Мирлан Бакиров.

Дагы бир талапкер Ибрагим Жунусов партия парламентке келсе жөлөк пул алуу маселесин жеңилдетерине токтолду:

«Биздин программанын пункттарынын бири — калктын социалдык аялуу катмарына жардам берүү. Азыр Кыргызстанда ушул карапайым тургундарга жөлөк пул алуу укмуштуудай кыйын. Өкүнүчтүүсү жарандар мамлекеттен жардам алуу үчүн пара берүүгө аргасыз болушат. Ошол эле учурда, бардыгы эле системада болгон бюрократиялык тоскоолдуктардан чыгууга даяр эмес. Биз, «Мекеним Кыргызстан» партиясы, бул кырдаалдан чыгарып, өлкөбүздү жакшы жагына өзгөртүү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз».

Жолугушууда Кыргызстандын ар бир жаранынын жашоосундагы жана өлкөдөгү өзгөрүүлөрдүн символу катары асманга чоң шар учурулду. Шайлоочулар жапырт «Мекеним Кыргызстан» партиясын колдоорун айтып жатышты.

«Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериңиздер! Максатыбыз бир, жолубуз шыдыр элибиз аман болсун!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума