Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Алардын маалыматында, Бишкек шаарында - 1, Ош облусунда - 1 жана Баткен облусунда - 3 медициналык кызматкер илдетке чалдыкты.
Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 23 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3208 учур катталды, алардын ичинен 2874 медкызматкер айыгып чыкты.