Дахмадан 230 киши чыгарылды, алардын көпчүлүгү балдар. Бул тууралуу Кызыл жарым ай коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кызыл жарым айдын кырсыктарга жооп кылуучу командасы Баткен облусунун тургундарына жардам берүүдө.
«Биз көчүрүлгөн тургундарга тамак-аш азыктарын, ысык нан, балдарга жеке тазалык буюмдарын алып барып бердик. Аялдар менен балдарга психологиялык колдоо көрсөтүлүүдө. Жергиликтүү мектепке 130 бала жана 100 чоң киши жайгаштырылды», — деди уюмдан.
Эске салсак, 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.