Трюдо авиалайнер кокустан атып түшүрүлгөн болушу ыктымал экенин айтты.
Эске салсак, украиналык Boeing учагы жерге кулап, андагы жүргүнчүлөрдүн баары каза болду. Расмий маалыматка ылайык, учактын кыймылдаткычы күйүп кеткен.
Трюдо бул окуяны өтө кылдат иликтөө зарыл экенин кошумчалады.
Буга чейин америкалык басылмалар АКШ өкмөтүндөгү көз карандысыз булактарга таянуу менен учак иран ракетасы тарабынан жаңылыштык менен атып түшүрүлгөнүн жазышкан. Өз кезегинде Иран жарандык авиациясы бул маалыматты «абсурд» деп атаган.