Ушул жылдын октябрында республикалык бюджеттин кассалык чыгашасы 11 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысына республикалык бюджеттен 3 миллиард 166,5 миллион сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө — 843,8 миллион сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө — 8,1 миллион сом бөлүндү.
Андан тышкары товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга — 708,1 миллион сом, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга — 91,3 миллион сом, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөгө — 48,4 миллион сом, мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө 2 миллиард 411,8 миллион сом жумшалды.