Нарын шаарынын борбордук аянтында саясий жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелиги ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Иш-чарага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.
Меймандарга театралдык оюн-зоок көрсөтүлдү.
Турдакун Усубалиев 1961-1985-жылдары Кыргызстанды жетектеген.