Журналист Мирбек Айтикеев үй-бүлөсү менен Швецияда экенин жеке булактарга шилтеп «Азаттык» маалымдады.
Мирбек Айтикеев акыркы мезгилде «Апрель» телеканалында иштеген жана Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү болот.
Ал 7-8-августта Кой-Таштагы окуялардан кийин Мирбек Айтикеевдин кармалганы айтылып, бирок ички иштер министрлиги бул маалыматты төгүндөгөн. Кийин журналист турган жери белгисиз болуп, бир тууган агасы журналист Адилет Айтикеев дагы Мирбек боюнча маалыматы жоктугун айтып келет.