21:04
USD 87.42
EUR 102.87
RUB 1.12

Абдыкалык Рустамов УКМКнын тергөө абагында 30-ноябрга чейин кармалат

Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин башчысы Абдыкалык Рустамов УКМКнын тергөө абагында 30-ноябрга чейин кармалат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, баш коргоо чарасы бүгүн каралды. Мындан тышкары анын жардамчысы Арслан Ибраевди үй камагында калтырышты.

Эске салсак, Абдыкалык Рустамов менен анын жардамчысын 30-июлда 2 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар