16:31, 19 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
Лейлек районундагы Максат жана Эски-Оочу айылындагы орто мектептер ишке киришти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Бешкент айыл өкмөтүндөгү (Эски-Оочу айылы) Момунов атындагы орто мектепте 305 окуучу билим алат. Анда окуу процесси 16-сентябрда токтогон. Имаратка Максат айылынын тургундары убактылуу жайгаштырылган болчу. Бүгүн айылдыктардын 80 пайызы өз үйлөрүнө көчүп келишти.
Белгилей кетсек, кечээ, 18-сентябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кыргыз-тажик чек арасында орун алган ок атышуудан жабыркап, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунунда дарыланып жаткан Максат айылындагы мектептин информатика мугалими Замир Адинаев менен 8-класстын окуучусу Раимберди уулу Өткүрбектен кабар алган.
Министр жабылануучулардын ал абалын сурап, тезирээк айыгып кетишин каалады. Ошондой эле ал жаракат алгандарга каржылык колдоо көрсөттү.