Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин башчысы Абдыкалык Рустамов УКМКнын тергөө абагында 2 айга кармалат. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды.
Маалыматка караганда, аны менен кошо жардамчысы дагы кармалат.
Эске салсак, Абдыкалык Рустамов менен анын жардамчысын 30-июлда 2 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармашкан.

