2018-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан 23 миллиард 1 миллион сом насыя берилди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, микрокредиттик уюмга 481 миң 900 адам карыз. Алардын 55 пайызы аялдар.
«Микрокредит алуучулардын арасында аялдар басымдуулук кылды. Бирок акыркы беш жылдын аралыгында аялдардын үлүшү 2014-жылдагы 64 пайыздан 2018-жылдагы 55 пайызга чейин кыскарды», — дейт Улуттук статистикалык комитет.
Насыяны көбүнчө Нарын облусунун тургундары алышат. Андан кийин Ысык-Көл жана Ош облустары микрокредиттик уюмдарга кайрылышат.