11:00
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Баткенде от менен ойногон балдар сарайды өрттөштү

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Сур айылында сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 35 чарчы метр чатыры жана саман күйгөн. Жабыркагандар жок. Өрттү от менен ойногон балдар тутантканы айтылууда.

Эске салсак, акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар