18:25
USD 86.80
EUR 91.06
RUB 0.83

Өкмөт «Мегаком» компаниясын сатпайт

Өкмөт «Мегаком» соода маркасы менен белгилүү «Альфа Телеком» жабык акционердик коомун сатпайт. Бул тууралуу компаниянын башкы директору Акылбек Жамангулов билдирди. Айтымында, акыркы беш жылда компания үлүштүк киреше катары мамлекетке 15 миллиард сом төлөдү.

Салыктарды кошкондо бул сумма 20 миллиард сомго чейин жетет. Компания жетекчиси мамлекеттик бюджетке «Мегакомдон» түшкөн кирешени жылына 20-30% көбөйтүү пландалып жатканын кошумчалады.

«Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев компанияны мамлекеттин карамагында калтыруу тууралуу саясий чечим кабыл алышты. Мамлекеттик компания мамлекетке киреше алып келиши керек. Биз 100% мамлекетке таандык болгон үлгүлүү компания түзгөнгө аракет кылып жатабыз», — деди ал.

«Мегаком» өлкөдөгү эң ири үч уюлдук оператордун бири болуп эсептелет. Компанияга ээлик кылган «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун 100% акциясы мамлекетке таандык.

Өкмөт 2015-жылдан бери «Мегакомду» үч жолу сатууга аракет кылган. Бирок кызыккан инвесторлор табылбагандыктан сатылган эмес. Министрлер кабинети компанияны 13,5 миллиард сомго баалаган.

Эң көп окулган жаңылыктар