2019-жылы Бишкекте 9 гүлбакча жана чакан эс алуу жайларын, 2 бульварды жашылдандыруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын отурумунда «Бишкекжашылдандыруу» мекемесинин директору Эльнура Жолдошева билдирди.
Маалыматка ылайык, буга 35 миллион сом коротулмакчы.
Эльнура Жолдошеванын айтымында, борбордогу бульварларды жашылдандырууга 5 миллион сом каралат. «Бак отургузуу, газон төшөө жана гүл карапаларын орнотуу-негизги иштер», -деди ал.