Улуттук банкка 1,5 миңден ашык кайрылуу түштү, арасында алдамчылык боюнча да бар
Жыл башынан бери Кыргызстандын Улуттук банкына 1,5 миңден ашык кайрылуу түштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынын киберкоркунучтарга чара көрүү бөлүмүнүн башкы администратору Азамат Тиленбаев билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 10 айында 1 миң 545 кайрылуу түшкөн, анын ичинде 138и финансылык алдамчылыкка байланыштуу даттануулар. 2025-жылы 1 миң 414 кайрылуунун 248и алдамчылык тууралуу маалыматты камтыган.
Жөнгө салуучу орган кыргызстандыктарды шектүү шилтемелерге өтпөөгө, күмөндүү тиркемелерди орнотпоого жана мобилдик түзмөктөрдө ар дайым антивирустук программаларды колдонууга дагы бир жолу чакырат.