Улуттук банк «Өрүкзар» күмүш коллекциялык тыйынын жүгүртүүгө чыгарат
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2026-жылдын 16-ноябрынан тартып «Кыргызстандын жаратылышы» сериясындагы номиналы 10 сом болгон «Өрүкзар» күмүш коллекциялык тыйынын жүгүртүүгө чыгарат.
«Өрүкзар» коллекциялык тыйынын чыгаруу өрүктүн өзгөчө сортторун өстүрүү боюнча көп кылымдык салты бар Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш объекттерин жана корук аймактарын сактоого жана даңазалоого багытталган.
Тыйындын алдыңкы бетинин негизги сюжети болуп назик гүлдөгөн өрүк бутагынын сүрөтү саналат. Ачылып жаткан гүлдөр жазды, жаңыланууну жана кыргыз жеринин түшүмдүүлүгүн чагылдырат. Тыйындын оң бөлүгүндө «Өрүкзар» деген жазуу жайгаштырылган. Тиражы — 1 миң даана.
Тыйындын арткы бетинде бышкан өрүк мөмөлөрүнө толгон дарактын бутагы тартылган. Тыйындын оң бөлүгүндө «Кыргызстандын жаратылышы» деген жазуу орун алган.
«Өрүкзар» коллекциялык тыйыны Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
Ар бир коллекциялык тыйын акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты тиркелген өзүнчө кутучага таңгакталган.
Коллекциялык тыйынды сатуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мекемелеринин кассаларында 8 миң 220 сом баасында жүргүзүлөт.