Кыргызстандын Улуттук банкы быйылкы жылдын 12-интервенциясын жасады
Кыргызстандын Улуттук банкы кечээ 2026-жылдын башынан берки 12-интервенциясын өткөрдү. Ал валюта рыногунда 207,55 миллион доллар сатты. Бул аталган мезгилдеги көлөмү боюнча экинчи ири интервенция болуп калды.
Жалпы сумманын 27 миллион доллары бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен, ал эми дагы 180,55 миллион доллары — башка датада эсептешүү шарты менен сатылды.
Курс бир доллар үчүн 87,45 сомду түздү.
Үстүбүздөгү жылдагы эң ири валюталык интервенция 29-июнда болгон. Анда Улуттук банк 222,55 миллион доллар саткан. Үчүнчү орунга эми 10-августтагы операция чыкты — 196,2 миллион доллар.
2026-жылдын башынан бери жөнгө салуучу тарабынан сатылган валютанын жалпы көлөмү 1 миллиард 869,5 миллион долларга жетти. Быйыл доллар сатылып алынган жок.
Улуттук банкта валюталык интервенциялар ички рыноктогу чет өлкө валютасына болгон суроо-талап менен сунуштун ортосундагы убактылуу дисбалансты жөнгө салуу үчүн жүргүзүлөрүн түшүндүрүшкөн.