Транспорт министрлиги «Ак-Тилек» жана «Моловодное» көзөмөл пункттарын текшерди
Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин адистери «Ак-Тилек» жана «Моловодное» көзөмөл пункттарында текшерүү жүргүзүштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда коррупциянын алдын алууга, мыйзамсыз төлөмдөргө жана ККМ кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануусуна каршы күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулган.
Текшерүнүн жүрүшүндө жабдуулардын техникалык абалы, салмак-габариттик көзөмөл тутумдарынын иштеши, жүк ташуучу унаалардын белгиленген ченемдерди сакташы жана текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби бааланды. Акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууну болтурбоо, кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануунун алдын алуу жана кызматкерлердин жеке жоопкерчилигин күчөтүү милдеттери коюлду.
Минтранс коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында көзөмөл процедураларына адам факторунун таасирин максималдуу кыскартуу ниетинде.
Салмак-габариттик чектөөлөрдү сактоо автомобилдик жолдордун талкаланышын алдын алуу, инфраструктураны сактоо жана кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл экенин министрликтен белгилешти.