Кыргызстанда дагы кандай акы төлөнүүчү жолдор пайда болору тууралуу 24.kg басылмасына транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев айтып берди.
Ал биринчи долбоор Өзгөндө буга чейин эле ишке ашырылып жатканын эскертти.
«Кыргызстанда биринчи акы төлөнүүчү жол Өзгөн шаарында курулуп, эксплуатацияга берилди — бул айланма жол. Долбоорду «Тез Жол» компаниясы ишке ашырды. Ал азыр ийгиликтүү иштеп жатат. Жеке инвестор жолду өз каражатынын эсебинен куруп, салынган инвестициялар акы алуу аркылуу акталууда», — деди министр.
Анын айтымында, дал ушул компания учурда Бишкекте түштүк айланма жолун куруп жатат. Ал дагы акы төлөнүүчү болот.
«Ал Новопавловкадан башталып, жогорку кичи райондор менен туташат, азыр курулуш иштери жүрүп жатат. Муну да жеке инвестор өз каражатынын эсебинен курууда. Мындан тышкары, дагы бир компания Байтик айылынын аймагындагы тилкеде Бишкек — Ош трассасына (мурдагы МАИ постунун тилкеси) чыгуу менен иш баштоого даяр турат. Биздин тажрыйбада бул экинчи ушундай долбоор болот», — деп белгиледи Талантбек Солтобаев.
Ал кошумчалагандай, Транспорт министрлиги башка акы төлөнүүчү жолдорду киргизүү саясатын ишке ашыруу үстүндө иштеп жатат жана кийинки жылдан тартып, так эсептөөлөр менен ченемдер кабыл алынгандан кийин курулуш иштери башталат.
«Менимче, акы төлөнүүчү жолдор зарыл. Жеке инвестор параллель трассаларды куруп, каалоочуларга ылдам жана коопсуз жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Каалагандар алар менен жүрсө болот, ал эми калгандары мамлекеттик жолдор менен бекер жүрө берет. Бирок акы төлөнүүчү жолдун сөзсүз түрдө бекер мамлекеттик альтернативасы болууга тийиш. Курулуш ушул шарт гана аткарылганда башталат», — деди Транспорт министри.