USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Бишкек — Нарын — Торугарт трассасында жер астындагы жөө адамдар өтмөгү курулат

12:19, 16 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Стратегиялык мааниге ээ Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 68-чакырымында, тактап айтканда «Токмок-Автожол» (Дунларов атындагы) көзөмөл-өткөрүү пунктунда жер астындагы жөө адамдар өтмөгүн куруу иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мурда бул тилкеде унаалардын жогорку ылдамдыкта жүрүшүнөн улам жолдун жүрүүчү бөлүгүн кесип өтүүгө аргасыз болгон жөө жүргүнчүлөр үчүн кооптуу жагдайлар жаралып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда көйгөйлөр жаралчу.

Блок YouTube

Жаңы өтмөктүн курулушу жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга, жол-транспорт кырсыктарын алдын алууга жана автоунаалардын үзгүлтүксүз кыймылы үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Курулуш иштери 15-ноябрда башталды. Аларды 15-декабрга чейин бүтүрүү пландалууда. Долбоор Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин каржылоосунун эсебинен ишке ашырылууда.

Убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну, ошондой эле курулуш иштери жүрүп жаткан аймакта жол белгилерин жана коопсуздук талаптарын сактоону суранабыз.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18