USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Шахматты жайылтуу жана өнүктүрүү: Бишкек мектептеринде ийримдер уюштурулду

10:42, 22 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын мектептерине шахмат ийримдерин уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдуулар өткөрүлүп берилди.

Агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, жүздөн ашык билим берүү мекемеси шахмат такталарын, фигураларды жана таймерлерди алышты. Жабдууларды республиканын башка аймактарындагы мектептерге жеткирүү башталды.

Эске салсак, Президенттин жарлыгына ылайык, 2026/2027-окуу жылында өлкөнүн 500 жалпы билим берүү уюмунда 3–5-класстардын окуучулары үчүн шахмат ийримдери уюштурулат.

Борбор калаада 121 мектеп, ал эми республика боюнча 2,4 миңге жакын мектеп иштейт. Ийримдерди уюштуруу үчүн алар кайсы принциптер боюнча тандалып алынганы такталган жок.

10 айдан кийин пилоттук долбоорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыктарына баа берилет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18