Мыкты мектеп ашпозчусу - 2026: Бүгүн Бишкекте мыкты ашпозчулар аныкталат
Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек жана 13-ноябрда Ош шаарында «Мыкты мектеп ашпозчусу — 2026» сынагынын финалдык этаптары өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Бишкектеги финалга Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын, ал эми Оштогу финалга Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын мектеп ашпозчулары катышат.
Финалга чейин катышуучулар бир нече ай аралыктан окуп, башкы ашпозчу, технолог жана нутрициолог менен вебинарларга катышып, өз рецепттерин жана чакан меню иштеп чыгышты.
Быйыл финал «Даам лабораториясы: «Дени сак окуучу» миссиясы» темасында өтөт. Катышуучулар азык-түлүктүн сапатын баалоо, ашканадагы кемчиликтерди аныктоо жана тамак даярдоо эрежелери боюнча тапшырмаларды аткарышат.
Негизги сыноодо финалисттер өз рецепттери боюнча тамак даярдап, анын башталгыч класстардын окуучулары үчүн пайдасын тааныштырышат. Калыстар санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын, шаймандардын туура колдонулушун, рецепттин аткарылышын жана убакыттын бөлүштүрүлүшүн баалашат. Окуучулар жана ата-энелер да тамактардын даамын татып, «Элдин даам татуучусу» номинациясынын жеңүүчүсүн аныкташат.
Ар бир финалда жеңүүчүлөргө ашкана техникасын сатып алууга сертификаттар тапшырылат: биринчи орунга — 70 миң, экинчи орунга — 40 миң, үчүнчү орунга — 30 миң сомдук.
Катышуучуларга кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүү боюнча жеке сунуштар, ал эми белгиленген баллдан жогору упай топтогондорго окуудан өткөндүгү тууралуу сертификаттар берилет.
Сынак 2019-жылдан бери ашпозчулардын чеберчилигин өркүндөтүү жана мектеп тамактарынын сапатын жакшыртуу максатында өткөрүлүп келет. Уюштуруучулар — Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Тармактык тамактануу институту (SIFI). Сынак Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен өткөрүлөт.