USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда «Жылдын мыкты мугалими -2026 «сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

13:35, 05 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн «Ырыс-Ордодо» Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада «Жылдын мыкты мугалими — 2026» республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирет.

Сынактын баш байгесине Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы жалпы билим берүү мектебинин «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметинин мугалими Меруэт Бакирова ээ болду. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ага Чолпон-Ата шаарынан бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

833163832_1554970679991416_5011405625526291193_n (2).jpg

Мындан тышкары, предметтик номинациялар боюнча жеңүүчү болгон 14 мугалимге президенттин фондунан 500 миң сомдон акчалай сыйлык берилди.

Сынактын жеңүүчүлөрү:

  • Башталгыч класстардын мыкты мугалими — Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Бөжөк Бегиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Мийзамова Сүйүмкан;
  • Кыргыз тили жана адабиятынын мыкты мугалими — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ү. Калиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Алекова Бермет;
  • Орус тили жана адабиятынын мыкты мугалими — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы М. Мамакеев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Кадырова Миргүл;
  • Мыкты математика мугалими — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы зээндүү балдардын жатак-мектебинин мугалими Орузбаева Нурия;
  • Мыкты тарых мугалими — Чүй облусунун Сокулук районундагы Алымкул Жакшылыков атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Абдрахманова Зарина;
  • Адам жана коом предмети боюнча мыкты мугалим — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы М. Тынаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Борончу кызы Гүлзат;
  • Мыкты чет тили мугалими — Ош шаарындагы № 27 жалпы билим берүү мектебинин мугалими Гафарова Айжан;
  • Мыкты физика жана астрономия мугалими — Чүй облусунун Москва районундагы № 3 Беловодск жалпы билим берүү мектебинин мугалими Жаманкулов Азамат;
  • Мыкты информатика мугалими — Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылындагы Отунчу Ногойбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Турарова Калбүкан;
  • Мыкты география мугалими — Нарын шаарындагы № 4 Эсенгул Ибраев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Мамбетказиева Элвира;
  • Диндердин өнүгүү тарыхы предмети боюнча мыкты мугалим — Нарын облусунун Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Эшимбек кызы Айсулуу;
  • Мыкты музыка мугалими — Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ю. Гагарин атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Сандыбаев Абдурасул;
  • Көркөм сүрөт искусствосу боюнча мыкты мугалим — Чүй облусунун Кемин районундагы Белек Солтоноев атындагы Тегирменти жалпы билим берүү мектебинин мугалими Көчөрбаева Алтынай;
  • Аскерге чейинки даярдык боюнча мыкты мугалим — Ош шаарындагы № 35 Ж. Атабаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Кебеков Ашимжан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18