USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Садыр Жапаровдун сынынан кийин Панфилов районунун акими кызматынан алынды

15:34, 25 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бекмаат Масаидов Чүй облусунун Панфилов районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кадрдык чечим президент Садыр Жапаров жергиликтүү бийликтин ишин сынга алып, айрым акимдер менен мэрлерди кызматтан алуу маселесин көтөргөндөн эки күндөн кийин кабыл алынды.

1795596843392-0b447e6d-1ac1-496d-9b9d-20d460e46915-resized-850x570png-optimized.webp

Эске салсак, 23-ноябрда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча республикалык кеңешмеде мамлекет башчысы жер-жерлердеги жетекчилердин ишине нааразычылыгын билдирген.

Кеңешмеде президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, райондук администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2026-жылдын тогуз айындагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары сунушталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында айрым аймактарда кемчиликтер аныкталган. Айрым жетекчилерди тартиптик жоопкерчиликке тартуу, ал эми айрым акимдер менен мэрлерди ээлеген кызматынан бошотуу сунушталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18