«Учкун» басмаканансынын директору Бакытбек Султанов кызматынан кетти
«Учкун» мамлекеттик басмаканасынын директору Бакытбек Султанов кызматынан кетти. Анын кызматтан бошотулганы тууралуу 24.kg басылмасына өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ачык акционердик коомдун жаңы директору болуп Президенттин иш башкармалыгынын маркетинг жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүн жетектеп келген Илгиз Тапаев дайындалышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, буга чейин «Учкундун» айланасындагы чуу базарга жаңы мектеп окуу китептеринин чыгышынан улам келип чыккан, алардын айрымдарында «сатуу үчүн эмес» деген белги бар болчу. Китептер «Учкундан» басылып чыккан.
Мурдараак ишкананын жетекчилиги базарга китептердин сатылышына тиешеси жоктугун билдирген. Бакытбек Султанов типография режимдик объект болгондуктан, анын аймагынан продукцияны алып чыгуу дээрлик мүмкүн эмес деп ишендирген.
Чуунун фонунда «Учкун» жеке билим берүү уюмдарына жана башка акыркы сатып алуучуларга окуу китептерин түз сатууну да токтоткон. Тиешелүү лицензиялык келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин, 18-сентябрдан тарта мындай продукцияны сатуу токтотулган.
Окуу китептеринин базарларга кантип чыгып кеткендигинин чоң-жайын учурда укук коргоо органдары изилдеп жатат, бир нече адам түшүнүк кат берүүдө.
Бакытбек Султановдун кызматынан кетиши ушул чуу менен байланыштуубу же жокпу, азырынча тактала элек.