USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Идрис Кадыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматынан бошотулду

14:03, 13 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кадыркулов Идрис Анарбекович Кыргызстандын Украинадагы, Киев шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Молдовадагы, Болгариядагы жана Румыниядагы элчиси кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Идрис Кадыркулов бул кызматты 2022-жылдын 25-январынан бери аркалап келген.

1794552451073-1a2e4ec1-55b2-4faf-925b-dcc54fd223c0-resized-850x570png-optimized.webp

Дипломатиялык кызматка чейин Идрис Кадыркулов 2018-жылдын апрелинен 2019-жылдын май айына чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин жетектеген. Ал биометрикалык паспортторду сатып алуунун тегерегиндеги чыр-чатактан улам кызматтан кеткен.

Белгилей кетсек, 12-ноябрда Идрис Кадыркулов өзүнүн үй-бүлөсүнүн дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, коомчулукка билдирүү жасаган. Буга чейин президент Садыр Жапаровдун Чүй облусунун тургундары менен жолугушуусунда жарандардын бири дипломаттын бир тууганы, экс-депутат Искендер Кадыркуловдун атын атап, мурдагы колхоздун мүлкүн сатып алууда жана андан кийин сатууда мыйзам бузуулар болгонун билдирген.

Идрис Кадыркулов бул айыптоолорду үй-бүлөсүн каралоо аракети деп атап, туугандары колхоздун мүлкүн менчиктештирбегенин айткан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18